Талас: жемкорлукка шектелген айыл өкмөт башчысы менен ишкер 1 айга камалды

Таласта жемкорлукка шектелип кармалган Бекмолдо айыл аймагынын башчысы менен «Календер-Курулуш» ишканасынын жетекчиси 25-февралга чейин камалды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Талас облустук сотунун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бекмолдо айыл аймагынын башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны «кымырып алган» деген шек менен кармалганын билдирген.

Аны менен кошо «Календер-Курулуш» ишканасынын да жетекчиси кармалган.

Расмий кабарда айтылгандай, Бекмолдо айылынын жолдорун оңдоого 1,5 миллион сом сарпталып, бирок документтерге 5 миллион сомдон ашык кеткени көрсөтүлгөн.

Маалыматта «Календер Курулуш» ишканасы материалдар кымбаттап кеткенин айтып, негизги суммага кошумча талап кылып, ишти токтотуп койгону, бирок текшере келгенде анын аткарган жумушу стандартка туура келбегени, баасы кымбат көрсөтүлгөнү аныкталганы айтылган.

Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Айыпталып жаткан тарап УКМКнын билдирүүсүнө комментарий бере элек.