Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди

Бүгүн түшкү саат 12:30дар чамасында Кыргызстандын Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жер титиреди. Сейсмология институтунан билдиришкендей, силкинүүнүн күчү очогунда 5,2 баллды түздү.

 

Чолпон-Ата шаарында, Бостери, Ананьево айылдарында, Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Балыкчы шаарында 4 балл, Бишкек, Каракол, Кумтөр кенинде жана Кажы-Сайда 3,5 балл сезилди.

 

Силкинүүнүн очогу кыргыз-казак чек арасында болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.