Бишкекте ичүүчү суунун үлгүлөрүн алуу үчүн шаардык суу чарба ишканасынын атынан жарандардын үйүнө кирген учурлар катталууда. Ведомстводон билдиришкендей, ишкананын кызматкерлери суунун сапатын текшерүү үчүн үймө-үй кыдырбайт.
Мындай көзөмөл күн сайын суу алуучу курулмаларда жана бөлүштүрүүчү тармактардын башкаруу пункттарында жүргүзүлөт.
Кандайдыр бир шек жаралган учурда, милицияга кайрулуу сунушталат.