Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү түйүнү кадимки тартипте иштеп баштады

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү түйүнү кадимки тартипте иштеп баштады. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, Кытай тарап жолго түшкөн таштарды тазалап бүттү.

 

Буга чейинки киргизилген алгоритм боюнча “Торугарт унаа жолу” аркылуу жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп баштады. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркечтам” өткөрүү бекети дагы кадимки тартипте иштеп жатат.