Кыргыз-тажик чегинде жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-августта саат 13:12де өлкө аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

 

Жер титирөө Ош облусунун  Алай районунун Бор-Дөбө айылында 3 балл, Нура айылында 2 баллга (Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Нура айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 140 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

 

Алдын ала маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.