Кыргызстан менен Греция диппаспорт ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды

Кыргызстан менен Греция диппаспорттордун ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Макулдашууга ылайык дипломаттык паспорт ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, андан чыгууда жана убактылуу жүрүү учурунда визалык талаптардан бошотулат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.