БШК Жусупбек Коргонбай уулун депутаттык мандаттан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы өзү жазган арыздын негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.

 

Эл өкүлүнүн мандатын тапшыруу боюнча арызын 23-апрелде Боршайкомдун мүчөлөрү бир добуштан колдоп, анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.

 

Жусупбек Коргонбай уулу Ноокат шайлоо округунан шайланып келген болчу. Эми президенттин жарлыгынын негизинде эки айдын аралыгында аталган округда кайра шайлоо өтүшү керек.