Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору Бустондо жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.

 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу 1нен 7-сентябрга чейин коңшу өлкөнүн Бустон шаарында өттү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

 

Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кезектеги жолугушууда жерлерди сыпаттоо иштерин улантат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.