Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Абдыкадыров ордо калааны 2022-жылдын февралынан 2023-жылдын октябрына чейин башкарган.
Өлкө башчынын башка жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Илияз Иманбетов ээлеген кызматынан бошотулду. Анын башка ишке өткөндүгү кабарланды.