Кыргызстан менен визасыз каттамы бар өлкөлөрдөн келген жарандарды каттоо тартиби 5-сентябрдан тарта өзгөрөт

Кыргызстан менен визасыз каттамы бар өлкөлөрдөн келген жарандарды каттоо тартиби 5-сентябрдан тарта өзгөрөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

 

Ага ылайык, Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Молдова, Россия жана Тажикстандын жарандары Кыргызстандын аймагында жеке иштери менен 60 күндөн ашуун убакта визасыз жүрүшү үчүн — туруктуу жашоого уруксат кагазы, жарандыгы жоктугу тууралуу күбөлүгү, “Кайрылман”  жана “Мекен карт” статустары болушу керек.

 

Буга чейин бул документтер аталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда алты айдан ашуун убакыт жүргөндө гана талап кылынчу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.