Кыргызстан Олимпиада оюндарындагы медалдардын саны боюнча рекордун жаңылады.
Биздин спортчулар Парижде 4 медаль багындырышты. Ал эми жалпысынан өлкө тарыхында Олимп оюндарында 11 медаль бар: Сиднейде – 1 коло, Пекинде 1 күмүш жана 2 коло, Токиодо 2 күмүш жана бир коло, ал эми азыркы Париждеги оюндарда – 1 күмүш жана 3коло бар.
Алдыда дагы 6 спортчу беттешет, мелдештер күрөш, жеңил атлетика жана бокс боюнча өтөт.