Кыргызстан Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарын 6 медаль менен жыйынтыктады

Кыргызстан Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарын 6 медаль менен жыйынтыктады. Олимпиадага жалпысынан 16 спортчу катышты.

 

Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медалдарды тагынса, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Үзүр Жусупбеков коло медалдарга ээ болушту. Медалдык зачетто Кыргызстан 68-орунда жайгашты.

 

Биринчиде 126 медалы менен АКШ, экинчиде Кытай, мыктылардын үчилтигин Япония бекитет.