Кыргызстан өзү сатып алган учактардын алгачкысы Бишкекке бүгүн конот

Кыргызстан өзү сатып алган учактардын алгачкысы Бишкекке бүгүн келип конот. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

 

Буга чейин кабарлангандай, самолет ички каттамдарга колдонулат. Эске салсак, мамлекеттик авиакомпания 27-сентябрдан тарта Бишкектен Талас, Нарын жана Караколго аба каттамдарды ачат.

 

Билеттердин баасы 2 миң сомдон башталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.