Кыргызстан жана Венгрия аба каттамдарын кое берүү боюнча макулдашуу кабыл алууну пландап жатат

Кыргызстан жана Венгрия аба каттамдарын кое берүү боюнча макулдашуу кабыл алууну пландап жатат. Күтүлгөндөй, учактар Бишкек – Будапешт каттамы менен учат.

 

Бул тууралуу Жарандык Авиация мамлекеттик агенттигинин башчысы Александр Настаев билдирди. Анын айтымында, бул долбоорду эки өлкө буга чейин эле ишке ашырууну пландаган, бирок ал геосаясий абалдын айынан токтотулган болчу.

 

Учурда Тбилиси аркылуу каттам салуу маселеси каралууда. Кыргыз тарап туруктуу рейстерди кое берүү үчүн грузин тараптын уруксатын күтүп жатат.