Чүй облусунда социалдык шаарчы колдонууга берилди

Чүй облусунда социалдык шаарчы колдонууга берилди. Аз камсыздалган 30 үй-бүлө турак-жайлуу болду. Гроздь айылында жайгашкан шаарчада үйлөр атайын комплекс түрүндө курулуп, эмерек, ысык суу, тиричилик буюмдары жана жылытуучу система менен камсыздалган.

 

Анын аймагында өзүнүн бала бакчасы жана мечити бар.

 

Атайын комиссия тарабынан аз камсыз болгон жана турак жайы жок үй-бүлөлөр тандалып алынган. Арасында Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалынан жабыркагандар да бар. Курулушка каражатты эл аралык кайрымдуулук фонду бөлүп берген.