Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Түркияга дагы 50 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар жардам иретинде дары-дармектерди, медициналык жабдууларды жана кийим-кече өңдүү зарыл буюмдарды, ошондой эле 75 боз үй ала кетишти.

 

Кыргызстан буга чейин Түркияга дагы 100 куткаруучу, 100 боз үй жөнөтөрүн кабарлаган.

 

Маалыматка ылайык, боз үйлөрдү тигүү үчүн Ван, Анкара жана Стамбулдагы этникалык кыргыздардын ыктыярчылар тобу түзүлүп, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга жөнөтүлдү.