Садыр Жапаров Венгрияга учуп кетти

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн расмий сапар менен Венгрияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес-форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

мамлекет башчынын жубайы Айгүл Жапарова;

тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

Кыргызстандын Венгриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков;

билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;

санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

юстиция министри Аяз Баетов.