Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына балдарды электрондук каттоонун II этабы уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Өнөктүк 30-августка чейин катталган жерине карабастан, бош орундары бар мектептерге жүргүзүлөт.
Баланы каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү mektep.edu.gov.kg маалыматтык система аркылуу өтүнмө жибере алышат.