Кыргызстанда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу аяктады. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүн мектеп коңгуроолору кайрадан кагылып, миңдеген окуучулар партасына кайтышты.
Эми эң узак үчүнчү чейрек башталды. План боюнча ал 21-мартка чейин созулат.