Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта ОСАГО полистери жок айдоочуларга айып салынат

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-апрелинен тарта ОСАГО полистери жок айдоочуларга айып салынат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, унаа-транспорттук каражаттардын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздоо жөнүндө мыйзам Кыргызстанда 2015-жылы эле кабыл алынганына карабай, ишке ашпай келген.

 

Эми министрлер кабинетинин токтомуна ылайык,  ал келе жаткан жылдын 1-апрелинде күчүнө кирет. Полиси жок айдоочулар 3 миң сом айып төлөйт. Ал эми касыздоо полисин алуу 1 миң 680 сомго айланат.