Кыргызстанда 6 айда 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди

Кыргызстанда 6 айдын ичинде 9 млрд 80 млн кВт/саат электр энергиясы керектелди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, керектелген электр энергиясынын 6 млрд кВт/сааттан ашыгы ГЭСтерден, ал эми 870 млн кВт/сааты Бишкек ЖЭБинен өндүрүлдү.

 

“2 млрд 200 млн кВт/сааты импорттолду. Россиядан 909 млн кВт/саат, Түркмөнстандан 830 млн кВт/сааттан көп, Өзбекстандан 275 млн кВт/саат электр энергиясы алынды”, — деди министр.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.