Кышкысын 5 киловатт сааттан ашык электр энергиясын колдонууга тыюу салынды

Кыргызстандыктарга кышкысын 5 киловатт сааттан ашык электр энергиясын колдонууга тыюу салынды.

 

Энергетиктер бул лимит кандай иштей турганын айтып берди. Алсак, жарыктандыруу, сыналгы, муздаткыч, электр плитасы, кир жуугуч машина, компьютер жана телефонду кубаттагычты бир эле учурда колдонсо болот. Бирок мунун баарына маселен, үтүктү кошсо, лимит чектен ашып, акылдуу эсептегич автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн.

 

Андыктан, абоненттерге энергияны сарамжалдуу пайдалануу сунушталат.