Кыргызстанда 7-октябрда ажылык сапарга каттоо башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
2025-жылы ажылыкка барууну пландагандар баштапкы 2 миң долларды жана кайтарымсыз 1 миң 200 сомду банкка төлөөсү керек.
Эске салсак, Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлдү. Учурда муфтиятта сапарды уюштуруу боюнча атайын штаб түзүлүп, иш алып бара баштады.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.