Кыргызстанда ажылыкка каттоо жүрүүдө

Кыргызстанда ажылыкка каттоо жүрүүдө. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей,  жалпысынан 7 миң адам катталат. Каттоо эки этап менен өтөт. Алгач буга чейин кезекке тургандар, андан кийин жаңыдан жазылгандар катталат.

 

Эгерде ажылыкка катталгандар 6-мартка чейин эле 7 миңге жетсе, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык үчүн быйыл 6 миң орун берген. Калган 1 миң адам кезекте болот.