Кыргызстанда 86 миңден ашык баланын ата-энеси миграцияда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.
Маалыматка ылайык, балдар жакындарынын колунда тарбияланууда. Алардын 85 пайызынын ата-энеси чет өлкөдө, калганы ички миграцияда.
Белгиленгендей, мындай маалымат министрлик эмгек мигранттарынын балдарын аныктоо, үй-бүлөлүк, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында жарым жылда 300 миңге жакын үй-бүлөнү кыдыргандан кийин белгилүү болгон.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.