Кыргызстанда 9 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилди

Кыргызстанда 9 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилди.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Айыл чарбасын каржылоо — 12” долбоорунун алкагында берилген жалпы сумма  3 миллиард 492 миллион сомду түзөт.

 

Каражат эки мамлекеттик банк аркылуу өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориялары боюнча берилүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.