Быйыл жазгы талаа иштери 10-15 күнгө кеч башталды

Быйыл Кыргызстанда жазгы талаа жумуштары жылдагыдан 10-15 күнгө кеч башталды. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкө боюнча 614 миң гектар жерди айдоо пландалса, бүгүнкү күндө анын 35 пайызы айдалды. Түштүк аймактарда кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү 95 пайыз аткарылды. Ал эми Талас, Чүй облустарында себүү иштери жүрүп жатат. Ысык-Көл жана Нарын облусунда эми башталды. Тоолуу райондордордо айдоо иштери баштала элек. Быйылкы жазгы талаа иштери кандай жүрүп жатат? Аймактарда мөмө-жемиштердин кайсы түрүн өстүрүү кирешелүү? Дыйкандар жеңилдетилген насыяны кантип ала алышат? 

 

Жер айдоо иштери Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, Ош облусунун Араван жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорунда башталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Баткен облусунун 5 миң гектар аянты, Жалал-Абадда 13 миң 100 гектар, Ош облусунда 15 миң 500 гектар, Чүй облусунда 24 миң 700 гектар жана Талас облусунда 800 гектар аянт азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылды.

Министрликке караштуу Өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Мухтар Чыналиев бүгүнкү күндө дыйкан жана фермерлер 128,6 миң гектар жер айдоо иштерин жүргүзгөнүн билдирди.

Ошондой эле ал өлкөдө кылкандуу дан өсүмдүктөрүн себүү иштери да жүрүп жатканын белгиледи.