“Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоорунун алкагында 6 миңден ашык фермер жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына караганда эки миллиард сомдон ашык каражат берилген.
Ведомство долбоорго эки банк катышып жатканын эскертет. Кредиттөөнүн жалпы көлөмү беш миллиард сомду түзөт.