CASA-1000 долбоорунун алкагында тирөөчтөрдү орнотуу иштери аяктады

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында тирөөчтөрдү орнотуу иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу «Улуттук электр тармактары» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жалпысынан 1 миң 243 тирөөч орнотулду. Учурда зымдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат, бул жумуштардын аткарылган көлөмү 76%ды түзөт, — деп айтылат маалыматта.

 

CASA-1000 Борбор Азия менен Түштүк Азиянын энергетикалык системасын бириктирүүгө багытталат. Анын алкагында Кыргызстан менен Тажикстандан электр энергиясы Афганистан жана Пакистанга экспорттолот.