Кыргызстанда “чет элдик өкүл” реестри ишке кирди

Кыргызстанда “чет элдик өкүл” реестри ишке кирди. Юстиция министрлиги тизмеге 3 уюмду кошту. Ведомство маалыматына ылайык, чет мамлекеттердин каржылоосу менен саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдарды каттоо 9-сентябрда башталды.

 

Мындай бейөкмөт уюмдар 2 ай аралыгында арыз берип, реестрге катталышы керек. Болбосо, аларга карата уюмду жоюуга чейинки санкциялар көрүлөт, — дешти министрликтен.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.