Кыргызстанда доллардын арзандашы сезондук факторго байланыштуу.
Бул тууралуу “Кабарга” Улуттук банктан билдиришти. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен түшүндүрүшкөндөй, валюта рыногунда доллардын солгундоосу катталууда.
Бул америкалык валютага суроо-талаптын төмөндөшүнө, ошондой эле сезондук факторлорго байланыштуу. Учурда доллардын сомго карата расмий куну 84 сом 22 тыйынды түзөт.