Ички каттамдарга жаңы учактар күздөн тарта жүрө баштайт

Кыргызстанда ички каттамдарга жаңы учактар күздөн тарта жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, болжол менен самолеттор 28-сентябрдан баштап жүрө баштайт. Бул үчүн эки учак сатып алынган. Алар каттап баштаса, ички каттамдарда билеттин баасы арзандай турганы белгиленди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.