Кыргызстанда казинолордон тышкаркы оюн автоматтарына жана букмекер контораларына тыюу салынат

Кыргызстанда казинолордон тышкаркы оюн автоматтарына жана букмекер контораларына тыюу салынат.

 

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Экономика жана коммерция министрлиги сунуштаган документке ылайык, оюн автоматтары менен залдар, букмекер жана тотализаторлор бир гана казинонун ичинде болушу керек.

 

Бул мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртууга жана ишмердүүлүккө көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган чара. Эске салсак, Кыргызстанда казинолорду жана оюн залдарын ачууга уруксат өткөн жылы берилди.