Кыргызстанда ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерге айып салуу сунушталды

Кыргызстанда ишкерлерди мыйзамсыз текшергендерге айып салуу сунушталды.

 

Тиешелүү мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгеледи. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелер ишкерлерди текшерүү үчүн алгач прокуратура органдарына кайрылышы керек. Көзөмөл органы кайрылууну карап чыгып, текшерүүгө негиз болсо, атайын реестрге каттайт.

 

Эгер мамлекеттик органдан катталбай туруп текшерсе, анда Укук бузуулар кодексинде 15 миң сом айып салуу, Кылмыш-жаза кодексинде 300-500 миң сом айып же эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

 

Эске салсак, өлкөдө 16 мамлекеттик орган ишкерлерди текшерүүгө укуктуу.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.