Жалал-Абадда эки чакан ГЭС курулуп жатат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Айгыр-Жал ГЭСи курулуп жатат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу дээрлик 2,5 мегаватты түзөт. План боюнча объект быйылкы жылы ишке киргизилет.

 

Кошумчаласак, ушул эле райондо дагы бир чакан ГЭС – Көк-Арт курулууда. Анын кубаттуулугу 6,5 мегаваттан ашат. Ички инвесторлор тарабынан курулуп жаткан Көк-Арт быйыл күздө ишке берилет деп күтүлүүдө.