Кыргызстанда электр энергиясын атайлап маал-маалы менен өчүрүү болгон жок

Кыргызстанда электр энергиясын атайлап маал-маалы менен өчүрүү болгон жок. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев жарыялады.

 

Анын айтымында, электр жарыгын берүүдөгү кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр автоматиканын ишине байланыштуу болду. Аны менен өлкөнүн энергосистемасындагы бардык жабдуулар камсыздалган.

 

Автоматика авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу үчүн линияларга ашыра жүк келгенде иштеп кетет. Эске салсак, катуу суук катталганда ордо калаада жана шаардын четинде электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча маалыматтар түшкөн.