Кыргызстанда мүлктөрдү кайра каттоо кымбаттады

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк менен операцияларды накталай түрдө төлөөдө мамлекеттик алым көтөрүлдү.

 

Өкмөттүн маалыматына ылайык, мындан ары накталай акча менен мүлк алып-саткандар болсо аны кайра каттоо туугандарга жана жакындарга 10 миң сом, башка жарандарга 20 миң сом жана юридикалык тараптарга 50 миң сом болот.

 

Тараптар мүлктөрдү алып-сатууда эсептешүүнү банктардагы эсептери аркылуу накталай эмес формада жүргүзсө мурдагыдай эле төлөйт. Анын наркы биринчи топтогуларга 1 миң сом, экинчи топтогуларга 2 миң сом жана үчүнчү топтогуларга 5 миң сом боюнча калат.