Кыргызстанда патент менен иштеген 82 миң 886 ишкер башка салык режимдерине өтүштү

Кыргызстанда патент менен иштеген 82 миң 886 ишкер башка салык режимдерине өтүштү. Бул жалпы көрсөткүчтүн 98 пайызын түзөт, — деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.

 

Анын ичинен 65 миң 745 субъект бирдиктүү салык системасын тандашкан, ал эми стратегиялык объекттерге киргизилген базарларда иштеген 17 миң 140 ишкер өзгөчө салык режимине өтүшкөн. Эске салсак, ушул жылдын 1-июлунан тарта республикада патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотулган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.