Кыргызстанда пособиелердин өлчөмү 25 миң сомго чейин көтөрүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда пособиелердин өлчөмү 25 миң сомго чейин көтөрүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, бардык маалымат министрликтин расмий сайтында жана баракчаларында жарыяланат. Ал эми социалдык тармактарда тарап жаткан билдирүүлөр  чындыкка дал келбейт.

 

Жарандар маалыматтардагы шилтемелерге өтпөй жана жөнөткөндөргө жооп бербеши керек, — дешет адистер.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.