Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Долбоор Ысык-Көлдөгү үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.

 

Долбоор ишке ашкандан кийин 4 миң 800 жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө.

 

Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 миллион еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат.