Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды

Кыргызстанда талапка жооп бербеген 11 мал базар жабылды.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Өкмөттүн 2017-жылдын «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн.

Анын ичинен бүгүнкү күндө 47си ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды, — деп айтылат маалыматта.