Кыргызстанда тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдууларын чыгарган завод курулат

Кыргызстанда тамчылатып жана жаадырып сугаруу жабдууларын чыгарган завод курулат. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, курулуш иштери ушул жайда башталат.

 

Бул максатта түркиялык инвестор биринчи этапта 10 миллион доллар багыттайт. Курулуш иштери сегиз ай аралыгында жыйынтыкталып, ишке берилери күтүлүүдө. Заводдун алдына 10 гектар жер тилкеси бөлүнөт.