Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына бала бакча ачууга уруксат берилди

Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатына бала бакча ачууга уруксат берилди.

 

Бул тууралуу Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Анын айтымында, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жаңы курулуш нормасын кабыл алды. Ага ылайык, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн астыңкы кабатына бала бакча же баланы эрте өнүктүрүү борборлорун ачууга болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.