Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот

Бишкекте жана Чүй облусунда жакынкы сааттарда катуу шамал болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

 

Жарандарга жеңил конструкциялардын, курулуштардын алдынан өтпөө сунушталат. Ал эми унааларды бак-дарактардын алдына токтотуу кооптуу болуп эсептелет.