Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 144 сомду түздү

Кыргызстанда жашоо минимуму 8 миң 144 сомду түздү. Жылдын экинчи кварталынын маалыматтарын Улуттук статистика комитети бөлүштү.

 

Жашоо минимумунун эң жогорку көрсөткүчү Бишкек шаарында – 8 миң 346 сом, эң төмөнкүсү Чүй облусунда – 7 миң 645 сом деп белгиленди.

 

Жашоо минимуму – бул адам организминин нормалдуу иштешин камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн жетиштүү болгон тамак-аш азыктарынын комплексинин наркы. Бул ошондой эле азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу топтомун камтыйт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.