Кыргызстан келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн Казакстандан 1,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатып алууну көздөөдө.
Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, товар сентябрдан 1-апрелге чейин берилет.
Ошол эле учурда министр бул купуя маалымат экенине шылтоолоп, коңшу өлкө электр энергиясын кандай баада сатаарын ачыктаган жок.