Кыргызстанда жаштардын курагын 30 жашка чейин көтөрүү сунушталды. Маданият министринин орун басары Союзбек Надырбековдун айтымында, мурда 35 жашка чейинкилер жаштарга кирген.
Жаш үй-бүлөлөр социалдык төлөм алып, бюджетке күч келгендиктен, 2009-жылы 28 жашка түшүрүлгөн. Экинчи себеби – анда 22-23 жаштагылар баш кошсо, учурда үйлөнүүнүн орточо курагы 27-28 жаш эсептелет.