Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун төртүнчү туру башталды

Бүгүн Кыргызстанда жогорку окуу жайларга контракттык негизде кышкы кабыл алуунун 4-туру башталды.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, ал 28-январга чейин уланат.

Каттоого сунушталгандардын тизмеси анын эртеси белгилүү болот.

Кабыл алуунун толук жол-жобосу министрликтин сайтында жеткиликтүү.

Белгилеп кетсек, биринчи, экинчи жана үчүнчү этапта 300дөн ашык адам жогорку окуу жайларга тапшырышкан.