Кыргызстандагы төрт облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчилери алмашты

Кыргызстандагы төрт облустун ички иштер башкармалыгынын жетекчилери алмашты.

Министр Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, кызматтык өзгөрүүлөр Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыктарына тиешелүү болду.

Белгилеп кетсек, буга чейин аймактардагы айрым милиция кызматкерлери оор кылмышты жашырууга шек саналса, кээси уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деген кине менен кармалган.