Кыргызстандан 580ден ашык унаа экспорттолду

Кыргызстандан 580ден ашык унаа экспорттолду. Ушул жылдын январь айынан март айына чейинки маалыматтар менен Улуттук статистикалык комитет бөлүштү.

 

Ведомство унаалар Россия, Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркияга жеткирилгенин белгилейт. Жеткирүүлөрдүн баасы 5 миллион доллардан ашты.